Токмок шаарында муниципалдык базарда буга чейин соодагерлер 2013 сом ижарага берип соода кылып келишкен. Бирок базар мэрия тарабынан аукционго коюлуп, мурда иштетип жүргөн соодагерлерге эмес, башка эле адамдарга 40-50 миң сомдон берилип кеткен. Ал базарда мурда соода кылып жүргөн соодагерлер базарды аукционго койгонуна нааразычылыгын билдирип, SUPER.KG порталына кайрылышты.
Соодагерлердин айтымында, мэрия алардын орундарын аукцион аркылуу ижарага 40-50 миң сомдон мурда иштеген соодагерлерге эмес, башка эле адамдарга берип жиберишкен. Бирок ал аукциондон жеңип чыккандар да ал суммага макул болбой баш тартышкан.
"Биз бул муниципалдык базарда 20 жылдан бери соода кылабыз. Ошол убактан берки квитанцияларыбыздын баары бар. Негизи бул жерди, биз базар кылганбыз. Өткөндө мэрге да кирип "бул базарды бизге бериңиз, 60 кишиге. Канча чыгым кетсе, биз ошону төлөп берели" дегенбиз. Бирок ал киши "аукцион, аукцион" деп болбой койду. Облус башчыга да киргенбиз. Ал да аукцион деп туруп алды. Анан анысына макул болуп катышсак, колунда бары да, жогу да катышып, ижара баасы 50 миң сомго чейин көтөрүлүп кетти", - дейт соодагерлердин бири.
Ошондой эле алар аукционго каршы экенин билдиришти.
"Ажатканасы, душу бар, 15 чарчы метрди түзөт" дешкен, бирок 6 чарчы метрге да жетпейт экен. Ошол себептен бул аукцион бизди канааттандырган жок. Анткени аукциондон утуп чыккандар барып көрүп "иштебейбиз" деп чыгып кетип жатышат. Бизге келишим менен 60 кишиге берсин. Өзүбүз иштетебиз. Бизге жок дегенде он миң сомго чейин бир тарифти коюп берсин. Ашыкча адамдарды иштетпей, өзүбүз көзмөлгө алып, ошол сумманы берип турабыз. Бул деген жеке менчик базар эмес да, муниципалдык базар. 50 миң сом аябай эле кымбат да", - дейт соодагерлер.
Ал эми мэрия буга: "Бизге айырмасы жок. Мурда соода кылгандар келеби, же жаңы адамдар келеби. Эң башкысы аукциондон утуп чыккандар ошол сумманы төлөшсө, бюджетке көбүрөөк пайда алып келет", - деп жооп берди.