УКМК Талас шаарынан тергөөчүнү кармады

Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Талас ШИИБинин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, 17-сентябрь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Ч.Р. аттуу жаранга карата кылмыш ишин козгоону токтоткондугу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган деген шек менен Талас шаарынын ИИБнын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Б.Б. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

"Азыркы учурда жогоруда аталган укукка каршы жосунга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан