Ноокатта 400гө жакын фермердин башын бириктирген "Ноокат алмасы" кооперативи активдүү иштеп жатат. Алардын негизги максаттарынын бири эл аларык стандарттарга жооп берген Кыргызстандын сапаттуу продукциясын өндүрүп, аны чет өлкөлөргө экспорттоо.
Бүгүн, 19-сентябрда USAID тарабынан уюштурулган медиа турда жай мезгилинен баштап ишке берилген муздаткыч алма кампаларынын ишмердүүлүгү тааныштырылды. Аталган кооперативдин аткаруучу директору Азирет Маматов негизги багыттарга токтолуп, сандан сапатка өтүү аракети туурасында белгиледи.
"Алгачкы максаттарыбыздын бири сапаттуу продукция менен дүйнөлүк рынокко чыгуу болуп саналат. Ноокаттын алмасы бренд болуп бара жатат. Эми биз сапатын колго алып, бирдиктүү өнүгүүгө кадам таштадык. Жалпы суммасы 160 миллион сомду чапчыган, 1 миң 200 тонналык алма кампасы ачылды. Бул каражат жалпы фермерлерден, мамлекеттик бюджеттен, эл аралык донорлордон топтолду. Эң чоң жардам USAID тарабынан муздаткыч кампалардын келиши болду. Анын ичи 10 бөлмөгө бөлүнүп, ар бирине 120 тоннадан алма сактоого ылайыкташкан. Жана да ар бир түрү өзүнчө муздаткычка киргизилет", - деп белгиледи директор.
Сыйымдуулугу 1 миң 200 тоннаны түзгөн бул заманбап муздаткыч кампа жергиликтүү алмаларды жана мөмө-жемиштерди узак мөөнөткө сактоого жана дыйкандарга өз продукцияларын пайдалуу мезгилдерде жогору баада сатууга шарт түзүп, базарды туруктуу кармоого, жыл бою азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүндүк берет.
"Кампанын жардамы чоң. Былтыркы жылы 58 сомдон алма Кыргызстанга импорттолсо, экспортко кеткендин баасы 18 сомго бааланган. Демек сапат жагы бир аз аксайт. Андыктан дүйнөүлүк стандарттын сертификатын алуу багытында «GLOBALGAP» тын адистери менен жолугууну пландап жатабыз. Алар келип алмалардын сапатын атайын текшерүүдөн өткөрөт. Эгерде макулдук берилип калса, экспорттун багыты чечилет", - деп кошумчалады Маматов.
Кооператив логистикалык борбордун курулушун ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин, USAIDдин «Агросоода» долбоору «Ноокат Алмасы» кооперативине 7 миллион сомдон ашык муздаткыч жабдууларын берген. Бул туурасында долбоордун жетекчиси Максат Искаков белгилеп өттү.
"Муздаткыч кампанын алкагында кооператив 200дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзүп, 300дөн ашык фермерди алдыңкы агротехнологияларга үйрөтөт. Бул фермерлерге сатуу көлөмүн көбөйтүү жана жаңы рынокторго чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле аймактагы азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга жана фермерлердин жашоо деңгээлин жакшыртууга өбөлгө түзөт", - деп билдирди Искаков.
USAIDдин «Агросоода» долбоору кыргызстандык дыйкандарды жана айыл чарба ишканаларын колдоп, Өзбекстан менен соода байланышын кеңейтүү аркылуу Кыргыз Республикасында жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталган.