Бишкектин Жумабек көчөсүндөгү жол капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу кечээ, 19-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда аталган көчөдө асфальт-бетон аралашмасы төшөлө башталды.
"Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө кызыл сызыктан чыккан бардык объектилер демонтаждалып, ирригациялык система орнотулду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин жолдун эки тарабында тең тротуар капиталдык оңдоодон өтүп, асфальттын жаңы катмары салынган.