Чоң-Алайда 275 орунга ылайыкталган мектептин курулуш иштери аяктап калды

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылындагы 275 орундуу Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин курулушу 70 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралуу кечээ, 19-сентябрда Мамкурулуштан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп А, Б, Г блоктон туруп, эки кабаттуу окуу корпусу, ашканасы, китепканасы, актовый залы, өтмө галереясы, спорттук залы менен камтылган.

Ал эми аталган мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Белгилей кетсек, эски мектептин 1-корпусу 1978-жылы курулса, 2-корпус 1985-жылы курулуп, пайдаланууга берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан