SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын бул жолку каарманы Америкада билим алып жаткан Арсен Эсенбеков болмокчу. Ал учурда Американын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында магистратура бөлүмүндө окуп жаткан кези. Билимин чет өлкөдө улантып жүргөн Арсен менен маек куруп, ал жактагы билим берүү системасына, жашоо-турмушуна кызыгып көрдүк.
Учурда Арсен 22 жашта. Ал Токтогул районундагы Үч-Терек айылында төрөлүп, мектепти дагы ошол айылдан аяктаган. Азыркы тапта Америкада Golden Gate университетинде MBA( Master of Business Administration) программасы боюнча магистратура бөлүмүндө билим алууда.
- Учурда Америкада билим алып жатасың, ал жакта жүргөнүңө канча убакыттын жүзү болду? Эмнеден улам Америкага сапар алдың?
- Америкада билим алуу кыялым мектепте 10-класста окуп жүргөндө пайда болгон. Англис тилин үйрөнүүнү каалап, жайкы каникулда Бишкекке келип курстарда окуй баштадым. Бала кезимден эсепке жакын болгонум үчүн математикага да аябай кызыкчумун. Мектепте окуп жүргөндө математика сабагынан райондук, облустук олимпиадаларга катышкам. Экономика багытында билим алууну кыялданып жүрдүм, бирок англис тилине дагы кызыгуум бар эле. Мага экөө эки башка тармактай туюлду. Мектепти аяктап, көп ойлонуп бир чечимге келдим. Экономиканы англис тилинде окууну чечип, "Ала-Тоо" Эл аралык университетине тапшырдым. Окуумду ийгиликтүү аяктадым. Азыр ошол эле багытта магистратура бөлүмүндө окуп жаткан кезим. Америкага келгениме 1 ай болуп калды. Окуу жаңыдан башталып жатат. Азырынча баары сонун.
- Эң сонун! Эми ал жактагы окууң тууралуу дагы кенен маалымат берсең?
- Golden Gate университети Калифорния штатынын Сан-Франциско шаарында жайгашкан. Магистратурада окуум 3 жылга созулат. Жумасына эки күн гана окуйбуз, ал эми калган убакыт көбүнчө өз алдынча окууга жумшалат. Профессор тарабынан көптөгөн тапшырмалар, проекттер берилет. Өз алдынча изилденип, кийинки сабакка даярданып барабыз.
- Ал жактагы билим берүү системасы кандай экен? Кандай артыкчылыктарды көрө алдың?
- Американын окутуу системасы, баарына белгилүү болгондой эле, өтө ыңгайлуу жана ийкемдүү десек болот. Сени окута турган мугалимди жана окуй турган сабактарды өзүң тандайсың. Окуу графиги да алдын ала студенттерге берилет. Өзүңө ылайыктуу убакытты тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле окууну онлайн да окусаң болот. Мисалы, мен бир сабакты аралыктан окуп жатам. Айтор, ар бир студент өзүнүн кызыкчылыгына жараша окуу программасын түзүп, өзүнө ыңгайлуу ыкмада билим ала алат. Мындай система студенттердин аналитикалык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө чоң жардам берет деп ойлойм.
- Сен кесип тандоодо эмнесине биринчи көңүл бурдуң жана эмнелерге карап кесип тандоону туура деп ойлойт элең?
- Кесип тандоодо бир канча аспектилерге көңүл буруу зарыл. Анткени кесипти туура тандоо келечектеги карьерага жана ийгиликтерге чоң таасирин тийгизет. Ар бир адамдын бир нерсеге кызыгуусу болот эмеспи. Өзүңө жаккан иш менен алектенүү мотивацияны сактоого жана жасаган ишиңден ырахат алууга жардам берет. Ошондой эле кайсы тармактарда ийгилик жаратуу оңой экенин түшүнүү да маанилүү. Ар бир адамдын табигый жөндөмдөрү жана таланттары ар башка болот го. Мисалы, аналитикалык жөндөмү жогору адамдарга инженерия, финансы сыяктуу багыттар ылайыктуу болушу мүмкүн, ал эми чыгармачыл адамдарга дизайн, искусство сыяктуу тармактар жакын. Ал эми мен кесип тандоодо көп деле кыйналган жокмун десем болот. Бала кезимден эсепке жакын болгонум жана соода чөйрөсүндө өскөнүм азыркы кесибимди тандоого чоң түрткү болгон.
- Баракчаңды карап көп өлкөлөргө барып келгениңди көрдүм, саякаттоону жакшы көрөт окшойсуң?
- Албетте, саякаттоону хоббим десем болот. Жаңы маданияттарды ачууга, жаңы адамдар менен таанышууга, дүйнө таанымыңды кенейтүүгө чоң жардам берет. Европанын дээрлик 10 өлкөсүндө болдум. Ар бир өлкөнүн өзүнө тиешелүү баалуулуктары болот. Ар бири өз алдынча кызыктуу жана ырахат берет.
- Чет өлкөгө чыкканда көпчүлүгү тилден кыйналышы мүмкүн, сенде тил жагынан кыйынчылыктар болдубу?
- Биринчи жолу 2022-жылы Германияга “Ferienjob” программасы менен баргам. "Ала-Тоо" университетинде англисче окуганым үчүн англис жана түрк тилин жакшы билчүмүн. Экинчи курста кошумча тил тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Мен болсо Германияга барам деп, немис тилин тандаган элем. Германияга барганда тилден кыйналган деле жокмун. Бир аз "культурный шок" болду деп койсом болот. Башка маданият, жаңы чөйрө, тамак-ашына да бир топ көнүшө албай жүрдүм.
- Учурда англис тили аябай керектүү болуп жатат, тил үйрөнүүдө кандай ыкмаларды сунуштайт элең жана канча убакытта өздөштүрүүгө болот?
- Тилди үйрөнүүдө эффективдүү жыйынтык алуу үчүн айланаңызды ошол тил менен курчаганга аракет кылыңыз. Колдонгон гаджетиңиз, сүйлөшкөн адамдарыңыздан бери. Эгер башталгыч деңгээлиңиз бар болсо, жеңил бөбөктөргө арналган китептер бар, ошолорду колдонсоңуз болот. Анткени аларды окуу жана түшүнүү жеңил. Ал китепти окуп жатканда ар бир түшүнбөгөн сөзүңүздү белгилеп коюп, аларды кайра карап, талдап, ошол сөздөр менен сүйлөм түзүп чыгыңыз. Бул метод жаңы үйрөнгөн сөздү жаттап, эстеп калууга жардам берет. Чет тилдүү жарандар менен практика кылуу, сүйлөшүү тил үйрөнүүгө жакшы таасирин тийгизет. Ката кетирүүдөн коркпоңуз жана уялбаңыз. Баарыбыз ката кетиребиз жана ошол катанын үстүнөн үйрөнөбүз. Тилди бир ай же бир жылда үйрөнүүгө болот деп айтуудан алысмын. Ар бир адамдын индивидуалдуу жөндөмдүүлүгү, эс-тутуму, уккан маалыматты кабыл алуусу жана аракети ар башка. Көпчүлүк учурда аракеттен көз каранды деп ойлойм. Канчалык көп аракет кылсаң, ийгилик ошого жараша болот. Кээ бир тааныштарым бар 4-5 айда тилди үйрөнгөн, кээ бирлери 1-2 жылда үйрөнүшү мүмкүн.
- Америкадагы жашоо менен Кыргызстандагы жашоонун айырмачылыктары сезилип жатса керек. "Биз дагы алардан ушуларды үйрөнүшүбүз керек" деп эмнелерди айтар элең?
- Америкадагы жашоонун Кыргызстандагы жашоодон бир топ айырмачылыктары бар экен. Өнүккөн инфраструктураны, технология жана билим берүү системасын салыштырбай эле коёлу. Күнүмдүк жашоодо эле айырмачылыктар байкалат. Алар: коомдук жайларда, көчөлөрдө, транспортто тартип жакшы каралган. Ар түрдүү улуттар менен аралашып жашагандыктан, түрдүү маданиятты үйрөнөсүң. Бул жактагы адамдар кичипейил жана ачык келишет. Бир нерсени түшүнбөй жатсаң, жардамга кол сунганга даяр. Кийген кийимиңе же болбосо башка нерсеге карашпайт, маани деле беришпейт десем болот. Айтор, жашоого болгон көз карашы, ой жүгүртүүсү бизден айырмаланып турат. Жеке көз карандысыздык жана индивидуализм дагы жогорку деңгээлде. Ал эми Кыргызстанда үй-бүлө жана коомдук байланыштар чечимдерди кабыл алууда чоң роль ойнойт эмеспи.
- Сен сыяктуу чет өлкөдө билим алууну каалагандарга кандай кеңеш бересиң?
- Чет өлкөдө билим алуу үчүн өзүңүздү бардык тараптан даярдашыңыз керек. Тил маанилүү аспект болуп саналат. Тилди жакшы үйрөнүп келсеңиз өзүңүзгө жакшы. Анткени окууда гана эмес, күнүмдүк жашоодо да абдан керектүү. Сиз тандаган окуу жайдын, жашаган жериңиздин аба ырайы сизге ылайыктуу болбосо, бир топ кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Ошондуктан муну дагы эске алып коюу өтө маанилүү. Эгер сиз чет өлкөдө окууну ойлонуп жатсаңыз, анда бул сиздин колуңуздан келет дейт элем. Уолт Диснейдин белгилүү сөзү бар го “If you can dream it, you can do it”, кыргызча айтканда, эгер бир нерсени кыялдана алсаң, анда аны ишке ашыра аласың. Негизи эле адамдын колунан келбеген нерсе жок. Аракеттин артынан бардыгы болот.
- Азаматсың! Маек үчүн чоң рахмат, пайдалуу маалыматтарды айтып бердиң.