Борбор калаада айыл чарба жарманкеси өтүүдө (сүрөт) 

Бүгүн, 20-сентябрда борбор калаада айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Анда органикалык жана экологиялык азык-түлүктөр коюлуп, дүң баада сатылууда.

Иш-чаранын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашымова, президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Анда жарандардын ден соолугу үчүн органикалык азыктардын мааниси, өлкөдө өндүрүлгөн азыктардын экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтылды.

Жарманкеге өлкө аймактарынан келген кол өнөрчүлөр, дыйкандар өндүргөн продуктылар коюлду. Бул жарманке 22-сентябрга чейин уланат.

Иш-чараны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Президенттин Кыргызстандагы атайын өкүлүнүн Секретариаты жана Жогорку Кеңеш уюштурган.

Көргөзмө-жарманке “Органикалык Экспо - Борбордук Азия-2024” регионалдык форумунун алкагында өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан