Ошто жаңы муниципалдык базардын айланасына 3 жол салынууда

Ошто жаңы муниципалдык базардын айланасына 3 жол салынып, Барсбек каган айлампасындагы жол кеңейтилүүдө. Бул тууралуу кечээ, 19-сентябрда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ошто жаңы салынып жаткан муниципалдык базардын айланасына үч кошумча жолду ачуу жана жаңы жолдорду салуу иштерин калаа башчы Бактыбек Жетигенов өзү текшерди.

Ошондой эле Барсбек каган айланма жолун кеңейтүү боюнча да иштер аткарылып жатат. Аталган жол кеңейтилсе, Ош-Араван жолундагы унаа тыгынынын алды алынып, унаа каттамдары бир топ жакшырат.

Белгилей кетсек, жумуштарды шаар күнүнө карата бүткөрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан