Жалал-Абадда пенсия менен жөлөк пулдун акчасын кымырып алган шектүүлөр кармалды

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик компаниясынын кызматкери Жалал-Абад облусунун алыскы райондорунун тургундарына бериле турчу пенсия, жөлөкпул жана эмгек акыларды кымырган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, "Кыргыз почтасынын" "Таштак" байланыш бөлүмүнүн башчысы Э.Э. менен Сузак районунун И.С. аттуу тургундары өз ара сүйлөшүп, пенсияга жана жөлөк пулга делген 10 миллион 700 миң сомду өздөрүнө ыйгаруу жолу менен коротушкан.

Бул боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүлөр кармалышып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Атайын кызмат учурда тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан