Кызыл-Кыяда 3 жылдан бери издөөдө жүргөн шектүү Бишкектен кармалды

Кызыл-Кыяда тергөө иштеринен качып, изин суутуп кеткен шектүү 3 жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 39 жаштагы шектүү Кызыл-Кыя шаарындагы базардан 28 жаштагы жарандын ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаасын баалашып, акчасын бербестен качып кеткен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда сот жообуна тартылган, издөөдө жүргөн 39 жаштагы С.Р. аттуу жаран Бишкек шаарынан кармалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан