Кримтөбөл Женго катышкан кылмыштын бети ачылып, абакта сурак берүүдө (видео)

Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов катышкан кылмыштын бети ачылганын кабарлады. Ал опузалап талап кылуу фактысы боюнча шектүү делип табылган.

Маалыматка ылайык, милицияга 37 жаштагы Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал мурда өнөктөшү экөө баштаган бизнеске бир аял кошулганын, кийин ага акчасын көбөйтүп беришсе дагы ал криминалдык чөйрөдөгү адамдар аркылуу акча өндүрүүнү улантканын айткан.

"Арыздануучу жана анын И.С. аттуу бизнес өнөктөшү экөө 2013-жылдан тартып Ж.Н. аттуу аял менен биргеликте ишкерлик кыла башташкан. Ал аял бизнеске 6 миллион 500 миң сом акча кошкон. 7 жылдан кийин эки өнөктөш ага 23 миллион 400 миң сом беришкен. Алар ачкан бизнес болсо 2019-жылы декабрь айында банкротко учураган.

Бирок аял өзүнүн жети жыл мурда кошкон 6 миллион 500 миң сомун өндүрүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досоновго кайрылган. Досонов балдары менен эки өнөктөштү Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде жайгашкан машыгуу залында коркутуп, акча талап кылган. Жабырлануучулардын бири И.С. 1 миллион 580 миң сомду Досоновдун кеңсесине М. аттуу адам аркылуу келип берген. Ошондой эле кийинчерээк М.га Хюндай Портер үлгүсүндөгү унаасы менен 50 миң сом берген. Ал эми арыздануучу Досоновдун жакын адамын ортого салып 5 миң доллар берип кутулган.

Андан кийин ал аял акча суроону токтоткон. Бирок быйыл май айынан тартып кайра талап кыла баштаган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн акча албаганын айткан. Ушундан кийин гана жабырлануучу аталган окуя боюнча арыз жазууну чечкен", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, буга тиешеси бар адамдар аныкталган. Шектүүлөрдүн бири делген 1981-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалып, үйү тинтүүгө алынган. Тинтүү учурунда Калашников автоматынын ок-дарылары табылып алынган.

ИИМ бул кылмышка шектүү катары учурда камакта отурушкан Кадыр Досонов жана Э.А. аттуу жаран дагы суракка алынып жатканын кошумчалады.

20.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан