Бишкекте Көк-Жар айылындагы жолдор жана тротуарлар капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 6 объекттин ичинен 1 объектиде оңдоо иштери жыйынтыкталып, 3 объектиде асфальт төшөө иштери башталды. Ошондой эле 2 объектиде курулуш иштерин баштоо пландалууда.
Ага ылайык, Д. Нурманбетов көчөсүндө Ж. Молдокулова көчөсүнөн 1-үйгө чейин жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады.
Учурда Достук, Үмөталиев көчөлөрүндө 77-үйдөн Кайыков көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат. Андан кийин Акмат көчөсүнө 7-апрель көчөсүнөн 6/1-үйүнө чейин асфальт төшөлө баштайт.
"Мындан тышкары Ч.Айтматов көчөсү боюнча Ала-Тоо совхоз жолунан Салкын-Төр жаңы конушуна чейин жолдун негизи даярдалууда.
Ошондой эле Үмөталиев көчөсү 49/2 үйүнөн Коңур Осмон көчөсүнө чейин демонтаж иштери жыйынтыкталгандан кийин курулуш иштерин баштоо пландалууда", - деп айтылат маалыматта.