Акыйкатчы Башкы прокуратурага №1 абактагы Жоомарт Карабаевдин арызын текшерүү керектигин айтты

Бүгүн, 20-сентябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери №1 тергөө абагынын кармоо шарттарына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Ага ылайык, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Жоомарт Карабаевден кабар алышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кысымга кабылып жатканы тууралуу жазган каты социалдык тармактарга тараган.

Анда Карабаев акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кат жолдоп, тергөө иштеринин жүрүшүндө укуктары бузулуп жатканын билдирип, укуктук жардам берүүнү суранган. Ошондой эле ал тергөө учурунда ага күч колдонулгандыгын билдирген.

Маалыматта Карабаев №1 тергөө абагынын кармоо шарттарына даттанбаганы, аны менен чогуу 7 киши кармалып турары кошумчаланган.

"Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага Жоомарт Карабаевдин арызы боюнча териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чечим кабыл алууга чакырып кайрылды.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды тергөө абагында отургандардын укуктарын камсыздоого зарыл болгон чараларды кабыл алууга, жана алардын ишин тыкыр иликтөөгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан