Кайракы талааны алма бакка айландырган Абдилазиз Маматов менен маек (видео) 

Ош облусунун Ноокат районун Байыш айылындагы 10 гектар кайракы жерин алма бакка айландырган Абдилазиз ата SUPER.KG порталына маек берип, ири бактын түйшүгүн жана андагы жетишкендиктери менен бөлүштү. “Ноокат алмасы” кооперативинин базасында түзүлгөн багбанчылык 2019-жылдан тарта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Учурда анын аянты да кеңетилип алмадан тышкары, жаңгак, мөмө-жемиштердин кошумча түшүмүн киргизе баштады.

Багбанчылыктын башталышы

-Мындан 5 жыл мурун башталган багбанчылык өз жемишин берип учурда алмалардын түшүмүнүн көлөмү чоңойду. 10 гектарга ачылган бактын 7 гектарын Польшадан келген алмалардын төрт түрү ээлейт. Дагы аймагын кеңейтүү жүрүп жатат. Аны менен катар, бир багытты гана колго албастан, мөмө-жемиштерди жана жаңгактарды кошуп отургузат баштадык. Учурда 2,5 миң түп алча, 700 түп грек жаңгагынын “Чандлер” көчөтү тигилди. Бул менен токтоп калбашыбыз керек. Анткени бактын тилин тапкан соң акырындык менен дагы өркүндөтүү керек.

Тобокелчилик жана түйшүк.

-Учурда баары өз ордуна келгени менен кезинде толтура түйшүк тарттык. Бул таш талааны жашыл зонага айландырууда далай мээнетибиз кетти. Оңой менен оокат табылбайт. Аны билим менен аракет гана жеңет. Учурда эки уулум менен бул жайда эмгек кылып түшүм жыйнап, дагы да өнүктүрүүнүн жолунда жүрөбүз.

Алмадан тышкары жаңгактардын көчөтүн тигүүнү колго алсак, алар бир аз көйгөй жаратты. Көчөттөрдү алып келген соң, атайын адистерди да чакырганга туура келди. Чет элден келген адистер жер кыртышын текшерүүдөн өткөрүп, анын жыйынтыгы менен жаңгак өспөй турганын айтышты. Бирок анын жолу бар экенин билдирип, көмөк көрсөттү. Ар бир көчөттүн алдын 1 метрден ашыгыраак кылып казып алдык да, тоодон кара топурак алып келип 700 чукурду толтурдук. Анан жаңгактар отургузулду. Жалпы оор жүк ташуучу унаа менен 20 жолу топурак ташып келдик.

Мындан тышкары климаттык шарттан улам, өткөн жылы бир аз суук болуп кеткенинен, үшүк алып кеттиби деп кооптонсок, кайра убакыт өтүп калыбына келди. Айтоор ар бир жетишкендиктин артында тоодой түйшүк бар.

Кылган эмгектин акыбети кайтат

- Кылган эмгегибиздин акыбети кайтат. Дагы жаңы багыттарды өздөштүрө берсек, көчөткө жакшы кароо болсо, багындыруучу ийгиликтер алдыда. 7 гектарга отургузулган алма түшүмүн бере баштады. Польшадан келген төрт түрлүү алманын көчөтү 1 жылда эле мөмө байлап, өз түшүмү менен багбандын чыгымын жаба баштайт экен. Анткени көчөттөр карлик тибинде болгондуктан, жетилүүсү да эрте. Бир жылда 200-250 тонна алма түшүмүн алууга жетиштик. Эң өзгөчөлүгү алардын даамында экендигин баса белгилеп айтып кетким келди. Бирок Ноокаттын өзүнүн алмасы да даам жагынан бул алмалардан калышпайт.

Абдулазиз Маматов - багбан
Ноокаттагы алма бак
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан