Бишкекте "Snow Leopard Run 2024" бешинчи жарым марафону өтөт

29-сентябрда Бишкекте «Snow Leopard Run 2024” бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт. Спорттук иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштуруп жатат.

Жарышуу салт боюнча борбордук «Ала-Тоо» аянтында башталат. Маршрут Чүй проспектиси, Юсуп Абдрахманов көчөсү, ВДНХ Чыңгыз Айтматов проспектисин камтыйт.

Жарым марафонго быйыл 4.5 миңдей адам катышары күтүлүүдө. Каттоо төмөнкү аралыктарга жүргүзүлөт: 5 чакырым, 14 чакырым, 21.1 чакырым, ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар үчүн «Kulikov Kid’s Run» жарышына каттоо ачылды.

«Snow Leopard Run 2024» - бул жөн эле спорттук иш-чарадан да чоң нерсе. Бул эң сейрек кездешүүчү жана укмуштуудай жаныбарлардын бири – ак илбирсти коргоо үчүн миңдеген адамдардын күч-аракетин бириктирүүгө мүмкүнчүлүк. Жарыштын ар бир катышуучусу Кыргызстандын негизги символдорунун бирин гана эмес, жалпы экологияны сактап калууга өз салымын кошууда.

2019-жылдагы биринчи жарым марафондон кийин чогулган каражаттардын бир бөлүгү ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программа үчүн фотокармагычтарды сатып алууга жумшалды. 2021-жылы – Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймактарды күзөтө алышы үчүн NIVA автоунаасы сатып алынган. 2022-жылы жарыштын катышуучуларынын салымынын аркасында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо заманбап воркаут аянтчасы пайда болгон.

Өткөн жылы добуш берүү аркылуу жарым марафондун катышуучулары каражатты Гареев атындагы Ботаникалык бакты колдоого жумшоону чечишти. Анын кызматкерлерине 39дан ашык атайын техниканы тапшырдык. Мындай көлөмдөгү жардам Ботаникалык бакчага биринчи жолу көрсөтүлүп жатат. Мунун баары биздин катышуучулар – жөө күлүктөр жана профессионал жеңил атлеттердин аркасы менен ишке ашууда», - дейт Nomad Sport'тун төрагасы Арслан Малдыбаев.

Жарышка катышуу үчүн каалагандар www.nomadsport.net сайтында катталса болот.

Кошумча маалымат үчүн телефондор: +996 554 60 07 07 жана office@nomadsport.kg почтасы аркылуу кайрылыңыздар

МААЛЫМАТ: Nomad Sport компаниясы 2018-жылы түптөлгөн, ал учурда бир пикирлеш-энтузиасттар тобу Кыргызстанда массалык спортту жана сергек жашоонун принциптерин жайылтууну чечкен. Бүгүнкү күндө Nomad Sport спорттун үч түрүн: чуркоо, велоспорт жана сууда сүзүүнү жайылтат, ошондой эле төмөнкү багыттар боюнча кызыктуу спорттук иш-чараларды уюштурат: жарыш, веложарыш, сууда сүзүү, триатлон жана башка.

Snow Leopard Run 2024 программасы

29-сентябрь старт күнү

  • 05:30 – Катышуучуларды чогултуу, кампаны ачуу
  • 06:00 – Иш-чаранын ачылышы жана куттуктоо сөздөрү
  • 06:20 – Катышуучулар үчүн брифинг
  • 06:40 – 21.1 чакырым жана 14 чакырым аралыкка катышуучулар үчүн даярдануу
  • 07:00 – 21.1 чакырым аралыкка старт
  • 07:05 – 14 чакырым аралыкка старт
  • 08:00 – 5 чакырым аралыкка катышуучуларды чогултуу (Ормон хандын эстелиги, багыт: "Ак-Кеме" мейманканасы)
  • 08:40 – 5 чакырым аралыкка катышуучулар үчүн даярдануу
  • 09:00 – 5 чакырым аралыкка старт
  • 10:00 – Балдардын жарышынын брифинги. Балдар үчүн интерактив
  • 10:40 – Балдардын жарышынын катышуучулары үчүн даярдануу
  • 11:00 – Балдардын жарышынын башталышы
  • 12:30 – Спорттук иш-чаранын жабылышы.

Саат 9:30дан 12:30га чейин – жеңүүчүлөрдү сыйлоо (жыйынтыктар даяр болору менен), ошондой эле шоу-программа жана интерактивдүү иш-чаралар өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан