Ош шаарында адам өлүмүнө алып келүүчү кылмыш жасаган деген шек менен Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-сентябрь күнү саат 20:40 чамасында милицияга "Тез жардам" кызматы шаардагы Навои атындагы парктан башынан оор жараат алган жаран шаардык ооруканага жеткирилгендиги тууралуу кабар берген. Окуя болгон жерге дароо ыкчам тергөө тобу барып, алгачкы иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Жабырлануучу Алай районуна караштуу Күң-Элек айылынын 40 жаштагы тургуну экени такталып, Ош шаарына иштөө үчүн келип жүгөнү белгилүү болгон.
Ал 17-сентябрь күнү Ош шаардык ооруканасында дарыланып жаткан жеринен каза болгон. Ал эми окуяга тиешеси бар делип Бишкек шаарынын 29 жаштагы тургуну кармалып, соттун чечими менен 17-ноябрга чейин тергөө абагына камалган.
"Тергөө кызматынын маалыматына караганда, жабырлануучу менен шектүү Навои атындагы парктын кире беришинде өз ара чырдашга кетип, шектүү жабырлануучуну түртүп жиберген. 40 жаштагы жаран башы менен жол боюндагы тосмого тийип жыгылган. Учурда окуянын бардык күбөлөрүн аныктоо, суроо боюнча иштер уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун (Этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.