Ош шаарында жаш акындардын жарышы өттү 

Бүгүн, 20-сентябрда Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Улуттук кыргыз драма театрында жыл сайын өтүүчү үчүнчү айтыш өттү.

Калыстар тобу 7 жуп төкмө акындын арасынан үч жеңүүчүнү аныктады. Жалпы 14 катышуучу болду. Бул иш-чара Кыргызстандагы Интерньюс жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан уюштурулуп келет.

Төрт саатка созулган акындардын айтышы “Билим айтыш” долбоорунун алкагында ишке ашты. Анын Ош шаарындагы иш-чарасында жеңүүчү катары баш байгени Мамбеттокто Өмүр уулу багындырды. Ал эми 2-орунду Нурсултан Малдыбаев алса, 3-орун Кутман Садыбакасовго берилди.

Кыргызстандагы Интерньюстун жетекчиси Назик Чекирова эл аралык уюм катары улуттук баалуулуктарды даңазалоодо көп эмгек кылып жатканын белгиледи.

“Эл аралык уюмдардын алгачкыларынан болуп Интерньюс, USAID акындык өнөрдү, манасты жайылтууну колго ала алган. Каржылык жактан болобу, билим жактанбы айтоор ар тараптан колдоп, кубаттап, улуттук баалулуктарыбыздын жайылышына, кийинки муунга өз деңгээлинде жетишине салым кошуп жатабыз деп ишенем”, - деди ал.

Кыргызстандагы Интерньюс үч жылдан бери төкмө акындарды коомдук маанидеги контентти жаратуунун жана аларды коомдук тармактарда жайылтуунун жаңы ыкмаларына үйрөтүп, салттуу маданий-ахлактык баалуулуктарды бекемдегенге кол кабыш кылып келет. Мындай билдирүүсүн кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков да белгиледи.

“Бул эл аралык уюмдар акындарды, манасчыларды ар тараптан колдоп келет. Терме жаздырды, чыгармаларды жаратканга көмөк берди. 20га жакын акындардын чыгармаларды элге жеткирүүдөгү көз карашын өстүрдү. Аллитера́циялап ырдоо деген түшүнүктү жаш акындарга тез эле үйрөтүп, эки жылда ага жетүү мүмкүн болду. Бул чоң жеңиш. Башка уюмдар саясат менен эле жүрөт. Коомчулук USAID менен Интерньюсга ыраазычылыгыбызды эле айтышыбыз керек. Акындарга колдоо иретинде атайын стипендияларды бөлүшөт. Аларды тоо-талаага алып барып, чыгармачылыгын өркүндөтүүгө шарттарды түзүп жатат. Айтоор улуттук баалуулуктарыбыздын өсүшүнө чоң салым кошуп жатышат”, - деп белгиледи Казаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан