Бүгүн, 21-сентябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынын реконструкциядан кийинки расмий ачылышы болот. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Кабарлангандай, иш-чара бүгүн саат 18:30да башталат. Анда эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы концерттик программа сунушталат.
Мекеме мындай фонтан топтору Кыргызстанда биринчи жолу ачылып жатканын белгилеген.