"Рио Олимпиадасына лицензия уткам". Астанадагы Көчмөндөр оюндарында алтын байге уткан Нагира айым менен маек

SUPER.KG порталы Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш бел боо күрөшүнөн чемпион болгон Нагира Сарыбашева менен маектешти.

Сарыбашева Нагира Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынан болот. Байсалбеков атындагы орто мектепти аяктагандан кийин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетин бүтүргөн. Магистратура даражасына дагы ээ. Учурда айылдагы Саадаш Абдылдаева атындагы мектепте дене тарбия сабагынан мугалим, дзюдо боюнча машыктыруучу, Кызыл-Туу айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты болуп эмгектенип келет.

- Саламатсызбы, Нагира! Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан алган байгеңиз кут болсун! Азияга жайылган күрөштүн бул түрүнөн жеңишке жетүү дагы оңойго турбаса керек...

- Саламатчылык. Албетте, оңой болгон жок. Чындыгында алыш күрөшү өнүккөн күрөш болуп эсептелет. Айрыкча коңшу өлкөлөрдүн балбандары бул спорттун түрүнөн бизге күчтүү атаандаш болуп келет. Көчмөндөрдө мен алыштын эркин түрүнөн оор салмак категориясында катыштым, тагыраагы +75 килограмм салмак ченинде килемге чыктым. Ал жакта алгачкы атаандашым азербайжандык балбан болду. Андан кийин орусиялык спортчу менен күч сынаштым, финалда күчтүү делген ирандык балбанды утуп, өлкөм күткөн алтын байгени алып келдим. Бул менин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан уткан бешинчи медалым.

- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан уткан бешинчи байгем деп калдыңыз, демек сиз Казакстанга чейин да мелдештерге катышып келген экенсиз да?

- Ооба, жалпы төрт көчмөндөр оюндарына катыштым. Алгач 2016-жылы өлкөбүздүн бермети болгон Ысык-Көлдө өткөндө катышып, тилекке каршы, күмүш медаль тагынып калгам. 2018-жылкы оюндарда дагы күмүш утсам, мен үчүн 2022-жылы Түркияда өткөн оюндар абдан ийгиликтүү болду. Анда алыштын эки, тагырагы эркин жана классикалык түрлөрүнөн алтын медалдарды тагындым.

- Төрт Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучусу катары айтсаңыз, үч өлкөнүн оюндарды уюштуруу деңгээлинде кандай айырмачылыктар болду?

- Чынында биздин өлкөдө башкача деңгээлде өткөн. Эң эле артыкчылыгы Кырчын жайлоосунун тандалышы болгон десем болот. Ал жакта маданий иш-чаралар, спорттун кээ бир түрүнөн өткөн мелдештер, бардыгы чыныгы көчмөндөрдүн мелдеши өтүп жаткандай сезимдерди бере алган. Түркиядагыга токтолсок, уюштуруу деңгээли орто болгон. Эң керектүү интернет кармабайт, дагы башка кемчиликтер болгон. Эми анын бардыгына деле көңүл бурган эмесмин. Анткени биздин, спортчулардын башкы максаты өлкө намысын коргоо болот. Кыскасы, биздин оюбуз, маанайыбыздын баары мелдешке гана бурулуп турат. Казакстан болсо чынында жогорку деңгээлде өткөрдү.

- Алыш бел боо күрөшү көчмөндөрдөгү башка күрөш түрлөрүнөн кандай айырмачылыгы бар?

- Баса белгилеп айта турган болсом казак, татар, өзбек, түрк жана башка көчмөндөрдөгү күрөш түрлөрүнө караганда абдан өнүккөн. Алыш дүйнөгө жайылып бара жаткан күрөш десем болот. Башка өлкөлөрдө дагы бул күрөштүн өнүккөнү ушунда, биздин улуттук күрөш болсо дагы көчмөндөрдө жалпы командалык эсепте үчүнчү орун болуп калдык. Алыш боюнча мелдештер дүйнө, азия чемпиондугунда өтүп келет. Эми буюрса, Олимпиадага кошулат деп жатышат. Түркмөнстан, Өзбекстан, Иранда жакшы деңгээлде өнүккөн. Мени дагы бир кубантканы башка өлкөдө өтсө дагы "алыш", "кармаш", "токтот" деген аталыштары кыргызча болот.

- Сиз бул спортко кантип, кандай жол менен келип калдыңыз?

- Негизи спорт менен 11-класста окуп жүргөндө алектене баштадым. Алгач дзюдо менен машыкчумун. Бул спортто 14 жыл жүрдүм, 14 жолу Кыргызстандын чемпиону болдум. Азия, дүйнөлүк биринчиликтерге дагы катышып жүрдүм. 2016-жылы Олимпиадага лицензия уткам. Тилекке каршы, жаракат алып калып бара албай калгам. Ошондон кийин Олимпиадалык эмес спорт түрүнөн өтүүнү чечип, алыш бел боого келгем.

- Нагира, кыргыз эли үчүн көчмөндөрдүн эң бүйүр кызыткан оюну көк бөрү эмеспи, сиз ошол көк бөрү менен жер улактын финалдык беттештерине күйөрмандык кыла алдыңызбы?

- Албетте, жер улакты дагы көк бөрүнү дагы көрдүм. Мен өзүм негизи спортчу катары көк бөрүнү интернет желелеринен абдан кызыгып көрчүмүн, бирок ат майдандан буга чейин көрбөптүрмүн. Ат майдандан көрүү такыр башка сезим тартуулайт экен, ал жакка барган элдин эмоциясы, чынында канын кайнап, жан үрөп күйөрмандык кылуу менен көрөт экенсиң. Тилекке каршы, биздин жер улак боюнча командабыз бир упай эле айырмачылык менен жеңилип калды. Бирок жеңишке тете болду десек болот, андагы орун алган адилетсиздикти эске алганда.

- Жер улактан финалга чыккан кыргыз менен казак улакчыларынын беттеши чыр менен коштолуп, биринчи тайм бүтөрүнө аз калганда оюн жарым саатка чейин үзгүлтүккө учураган учур болду. Айтайын дегеним, ошол оюнду кыргыз-казак күйөрмандары кандай кабыл алып, кандай маанайда көрүштү?

- Оюнду эки элдин күйөрмандары кадимкидей аралашып эле, туугандык сезимдер менен жакшы маанайда көрүштү. Керек болсо казак күйөрмандарынын арасынан келип "жеңиш силердики болду", "биздики туура эмес иш жасап койду", "адилетсиздикке барышты, бизди уят кылып коюшту" деп айтып жаткандар дагы болду.

- Убактыңызды бөлүп, бизге маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым өлкөбүздүн желегин мелдештерде желбиретип жүрүүңүзгө тилектешпиз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан