УКМК көк пардан кийин желек тууралуу видео тарткан жигитке эскертүү берди

УКМК Астанада өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн ат оюндарына байланыштуу улут аралык кастыкты козутуу боюнча деструктивдүү аракеттерди аныктады. Бул тууралуу атайын кызмат бүгүн, 21-сентябрда маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, Фейсбукта Косай Сүйүнкүлов аттуу колдонуучу, КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу Казакстандын желегин демонстрация менен түшүрүп жаткан видеону таратып, соцтармак колдонуучулары тарабынан ар кандай пикирлерди жараткан.

Видеонун автору 21 жаштагы С.У.С. экени аныкталып, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ал эмоцияга алдырганын айтып, эки элден кечирим сураган.

УКМК жарандарды чагымга алдырбоого жана спорттук оюндарга байланыштуу эки өлкөнүн достук мамилелерине залакасын тийгизиши мүмкүн болгон чакырыктарды жасабоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан