Бишкектеги Горький көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Бишкек шаарындагы Горький көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда мэрия билдирди.

Ага ылайык, аталган көчөнүн Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачык.

Бүгүн саат 21:00дөн тарта Горький көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Горький көчөсү менен Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн кесилиши ачык болот.

Белгилей кетсек, Горький көчөсү Ч. Айтматов проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан