Бишкекте аялын сабап, унаага салганы жаткан эркекти эл арачалап калды. Милиция окуяга дароо реакция жасады

Бишкекте көчөдө аялын унаага күч колдонуп салганы жаткан эркекти башкалар арачалап калган видео тарады. Бишкек шаардык милициясы окуя тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, кечээ, 21-сентябрда саат 15:30 чамасында милицияга эркек киши аялды сабап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факт Свердлов РИИБине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ошол замат милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, жеринен 1990-жылы туулган А.Ы. аттуу жаран 1988-жылы туулган мурунку аялы А.З. менен уруша кетип, андан соң кол көтөрүп баштаганы такталган.

Ал жаран милиция бөлүмүнө жеткирилген. Жабырлануучу келин арыз жазган.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан