Камчыбек Ташиев ЖКККББнын кызматкерлери менен бирге сүрөткө түштү

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек-Ош жолунда кызмат өтөп жаткан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине ийгиликтерди каалады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Сузак району аркылуу өткөн Бишкек-Ош жолунун 574-чакырымында кызмат өтөп жаткан учурда Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа менен Камчыбек Ташиев түшүп келип, кызматкерлердин ишмердүүлүгү менен таанышкан.
"Анда кызматкерлердин кызмат өтөө тартибин, жарандар менен болгон мамилесин, жалпы мыйзамдуулуктун сакталышын жана элибиздин коопсуздугу үчүн татыктуу кызмат кылуу керек экендигин эскертип, кызматкерлердин иштерине ийгиликтерди каалап кеткен", - деп билдиришти ЖКККББдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан