Биз социалдык тармакта

Бокс боюнча курама Кытайда өтө турган Эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өтө турган Эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештер 25-сентябрда башталып 10-октябрда жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:

  • Анвар Ходжиев - 48 килограмм;
  • Санжай Сейдакматов, Ислам Төрөбеков - 57 килограмм;
  • Мирзохид Имамназаров, Алмаз Орозбеков - 63,5 килограмм;
  • Сагын Сатыбалды уулу - 80 килограмм;
  • Бакыт Токтосун уулу - +92 килограмм.

"Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан