Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы А.А. жана районго караштуу Жээк айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин мурдагы төрагасы Р.Т. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар документтерди жасалмалоо, объекттерди мыйзамсыз басып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Былтыр Р.Т. жайыт комитетинин отурумунун протоколун жасалмалап, А.А.га Жээк айыл өкмөтүндөгү 2 гектар айыл чарба багытындагы жер участогун мыйзамсыз бергени аныкталган. Көрсөтүлгөн жерге туруктуу имараттар курулуп, эс алуу борбору уюштурулган", - деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат учурда мыйзамсыз берилген мүлктөрдү мамлекеттин балансына кайтаруу иштери жүрүп жатканын белгиледи.