11-декабрда Таласта мекемелер арасында үй-бүлө жылына арналган сынак болуп өттү. Анда Таластагы Айыл чарба колледжи, 2029 чек ара кызматы, Телеком жана облустук билим берүү усулдук борборунун кызматкерлери арасында таймаш жүрдү. Катышуучулар “Атка мингизүү”, “Кыз узатуу” жана “Кыз бойго жетти” сыяктуу кыргыздын улуттук салттарын да көрсөтүп беришти. Жыйынтыгында баш байгеге Айыл чарба колледжи ээ болду.