Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Рухий-Мурас конушунда ажатканага түшүп кеткен наристе куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдагандай, кабар келери менен жерине тартылган 5 куткаруучу атайын шаймандардын жардамы менен ажаткананын ичине кирип, 2021-жылы туулган баланы куткарып чыгышкан.
Министрлик баланын абалы туруктуу экенин маалымдады.