Кызыл-Кыя шаарында 961 миллион сомдук 2 жер тилке мамлекетке өттү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 2 жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчигине наркы 681 миллион сомдон ашкан курулуштары менен бирге 3,61 гектар жер аянты мурда мыйзамсыз менчиктештирилген деген негизде өткөрүлүп берилген. Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жайгашкан 3,5 гектар жер тилкеси шаар мэриясынын балансына кайтарылган.

"Мэрияга алынган жер участогунун баасы 280 миллион сом деп бааланган. Жер тилкеге болгон салык төлөнбөшү үчүн укуктук күбөлөндүрүүчү документ мамлекеттик актыга киргизилген эмес", - деп айтылат маалыматта.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекеттин балансына кайтарууну улантарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан