Бишкекте токмок жеген 67 жаштагы киши ооруканада каза тапкан. Шектүү катары 31деги жигит кармалды

Бишкекте адам өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирген деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 26-августта саат 23:57 чамасында 1957-жылы туулган А.О. аттуу жаран ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн. Ал мас абалда болуп, белгисиз адамдар тарабынан сабалганы аныкталган.

Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, аталган жаран Тез жардам кызматы менен жеткирилгенин жана денесине келтирилген оор жаракаттардан улам каза болгонун аныкташкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында шектүү катары 1993-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан