Бишкекте 15 жашар өспүрүмдү сүзүп алып качып кеткен 20 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 23-сентябрда саат 17:45 чамасында "Жал" кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө орун алган. Анда Honda Aria үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2004-жылы туулган П.А. аттуу чет элдик жаран жөө адамдардын өтмөгүнөн өтүп бараткан 2009-жылы туулган А.Д. аттуу өспүрүмдү сүзүп алган. Жабырлануучу ооруканада каза тапкан.
Окуя болгон жерге Милициянын кайгуул-кызмат башкармалыгынын кызматкерлери барган учурда айдоочу качып кеткени маалым болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесине (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Издөө иш-чараларынын алкагында шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Керектүү экспертизалар дайындалып, автоунаа айып короого киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда