"Кана бул акмак?" Бишкекте 20 жаштагы жигит окуучу кызды өлтүрө сүзүп, качып кетти (видео)

Бишкектин Жал кичи районунда жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Андагы маалыматка ылайык, кечээ, 23-сентябрь күнү саат 17:45те Тыналиев көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан Honda Fit Aria унаасынын айдоочусу 2004-жылы туулган П.А. аттуу чет элдик жаран жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 2009-жылы туулган кызды сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, андан кийин каза болгон.

Окуя болгон жерге кайгуул кызматкерлери келгенде айдоочу качып кеткенин аныкташкан. Бул факты боюнча иш козголгон.

Айдоочу көп өтпөй эле кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Кырсык болгон жерден тартылган видеого караганда, белгисиз аял киши "кана бул акмак?" деп кыйкырып, ыйлап жатканын угууга болот.

Бишкектеги кырсык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан