Араванда мыйзамсыз курулуштар буздурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан Араван районунун С.Юсупова, Ибн-Сина көчөлөрүндөгү, Араван-Сайдын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар аныкталып буздурулууда.
Ошондой эле сел коопсуздугун алдын алуу боюнча да иш-аракеттер алып барылууда.