Ошто унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Бажы кызматы маалымдады.
Ага ылайык, 7-сентябрда М.М. Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Fотоn үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерилген.
Анда унаанын каттоо күбөлүгү башка автоунаага тиешелүү экендиги аныкталган. Тагыраагы, транспорт каражаты ЕАЭБдин бажы аймагынан мыйзамсыз өткөн.
Унаа иштин бардык жагдайлары такталганга чейин «Каратай» убактылуу сактоо кампасына коюлган. Факты боюнча чогултулган материалдар Ош прокуратурасына өткөрүлүп берилди.