Бүгүн Ошто Амир-Тимур көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды 

Бүгүн, 24-сентябрда Ошто Амир-Тимур көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Амир-Тимур (Калинин) көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында бүгүн, 24-сентябрдан тарта А. Мамыров көчөсүнөн Р. Абдыкадыров көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа каттамдары үчүн жабылды.

"Шаар тургундарынан жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап алууну суранабыз", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан