Президенттин администрациясы Бишкек мэриясынын демилгесин колдоду

Президенттин администрациясы Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык кызматкерлердин жумасына эки жолу - шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүү боюнча демилгесин колдоду. Бул тууралуу калаа бийлиги бүгүн, 24-сентябрда билдирди.

Ага ылайык, тиешелүү тапшырма министрликтерге жана ведомстволорго сунуштама менен жөнөтүлдү.

Аталган демилге борбордо ушул жылдын май айынан бери иштеп жатат. Мэрия бул жол тыгындарды азайтууга, жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө жарандарды тейлөөдөгү көйгөйлөрдү аныктоого жардам берерин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан