Бишкекте Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-сентябрда саат 15:00дөн баштап Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Кесилиш 4-5 сааттан кийин ачылат.
Белгилей кетсек, учурда Горький көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин оңдолууда.