Бишкекте оор кылмыштарды жасаган мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандар кармалды (видео)

Бишкекте оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Ага ылайык, УКМКнын жана Бишкек ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкектен чет өлкөнүн 2001-жылы туулган К.Б. жана 2000-жылы туулган К.Ю. аттуу жарандары кармалды.

УКМК жогоруда аталган жарандардын Кыргызстандын аймагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо жана адалдоо боюнча эл аралык каналга тиешеси бар экендигин, Кыймылсыз мүлк объектилери боюнча жасалма бүтүмдөр боюнча салык төлөмдөрүн айланып өтүшкөндүгүн аныктады.

"Жогоруда аталган чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагында катталган, бирок иш жүзүндө жок курулуш компаниясынын директорлору болуп, Кыргыз жана чет өлкөлүк жарандардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, коммерциялык банктардын биринде көрсөтүлгөн акча каражаттарын накталай акчага берүүнү ишке ашырган жана накталай акча каражаттарын алгандан соң чет өлкөгө кайтарууну камсыз кылып турушкан", - деп айтылат маалыматта.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо" боюнча козголгон кылмыш ишине тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларын улантууда.

Бишкекте чет өлкөлүк жарандар кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан