
Өлкө аймагында соңку сутка ичинде 20 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 22 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалыматында айтылат.
"Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көлдө 1, Нарында 2, Таласта 2, Баткенде 1 өрт кырсыгы катталды", - деп жазылат анда.
Маалыматка караганда, Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон эмес.