Эртең борбордун бир бөлүгүндө кечке чейин таза суу берилбейт

Эртең, 26-сентябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө убактылуу таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясы маалымдады.

Ага ылайык, суу шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Ичүүчү суу Панфилов көчөсү, Манас проспектиси Фрунзе көчөсү— темир жол линиясында берилбейт.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан