Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Бишкек шаарындагы коомдук транспорттордун айдоочуларын окута турган мектеп ачууну сунуштады.
Ал айдоочулар эрежени сактабагандыктан жол кырсыктарга учурап жатышканын белгилеп, алардын катуу ылдамдыкта айдоосуна эл дагы нааразы болуп жатканын айтты.
"Акыркы учурда коомчулукта, соцтармактарда автобустун айдоочуларына болгон нааразычылыкты байкасак болот. Мына Бишкек шаарында дагы автобустун катышуусунда болгон жол кырсыктар көбөйүп жатат. Бул автобустарды эмне деген акчаларга алып келип жатабыз. Элдин коопсуздугун ойлобогон кайдыгер айдоочулардын айынан автобустар талкаланып жатат. Айдоочулар элди дагы жакшы ташыбай, картошка жүктөп алгандай эле бири-бири менен жарышып айдашат. Азыр жол кургакта эле канча автобус талкаланды. Эртең кар түшсө, жол тайгак болгондо бир Кудай билет эмне болорун", - деди ал.