Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы кызыл сызыктан өтүп кеткен курулуштар буздурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Мамкурулуштан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мамкурулуш тарабынан Казарман айылынын Дөөткулов көчөсүндө кызыл сызыктан чыгып кеткен ар кандай курулуш курулмаларынын 21и буздурулду.
Ошондой эле Бектен көчөсүнүн боюндагы 13 даана курулуш курулмалары демонтаждалды.