Интернеттеги жарнама аркылуу жарандарды алдоого шектелип 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Ысык-Көл ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-июнда милицияга Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, 9-июнда lalafo.kg жарнамалык тиркемесинен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа сатыларын окуп, ээси менен байланышкан. Сатуучу унааны 120 миң сомго баалап, жабырлануучуга алдын ала 100 миң сомду электрондук капчыкка которуусун айткан. Ал акча которгондон кийин сатуучу телефонун өчүрүп, дайынсыз болуп кеткен.
Ошондой эле милицияга 2-сентябрда дагы Ак-Суу районунун 28 жаштагы тургуну арыз жазган. Ал 28-августта Volkswagen Vento үлгүсүндөгү унаанын сатуучусу менен WhatsApp аркылуу байланышып, 27 миң сомго алданганын айткан.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
"Шектүү катары Токмок шаарынын 1999-жылы туулган Б.А. аттуу тургуну кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө шектүүнүн Каракол шаарынын аймагында башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.