Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында жыйын болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Анда калаа башчы муниципалдык коомдук транспорттун айдоочуларына жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуулар көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертүү жасады.
"Бишкекке президенттин колдоосу менен 1000 жаңы автобус сатылып алынды. Бирөөнү сүзүп кетсеңер, автобустун ичиндеги жүргүнчүнү майып кылып алсаңар эмне болот? Биздин азыркы саясат баарына бирдей – мыйзамды, эрежелерди сактоо", - деп кошумчалады Жунушалиев.
Ага ылайык, жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн, башкача айтканда, каршы тилкеге чыгуу, тыюу салынган жол чырактан өтүү, автобустун ичинде жүргүнчүлөрдүн кулап кетиши жана башка одоно эреже бузуулар үчүн "Бишкек шаардык транспортунан" 30 айдоочу иштен алынат.
Калаа башчы тиешелүү кызматтарга айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактоосун күчөтүү милдетин тапшырды.