ТИМ кырыгызстандыктарга Израиль менен Ливанга барбай турууну сунуштады 

Тышкы иштер министрлиги Израиль менен Ливандын чек арасындагы татаал жана чыңалган кырдаалга байланыштуу аталган өлкөлөргө барбай турууну сунуштайт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 25-сентябрда кабарлады.

Анда Ливан жана Израилде жашаган кыргыз жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана мүмкүн болушунча жогоруда аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүү зарыл экенин белгилейт.

Ошондой эле ТИМ белгиленген өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары жардам же консультация алуу үчүн байланышса болорун билдирди.

Ишеним телефондору:

Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин (+96525359951),

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (+905456896800),

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (+996 999 312002).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан