Бишкекте майыптыгы бар 35 жаштагы Алмаз Супатаев дайынсыз жоголду

Бишкекте 1989-жылы туулган Супатаев Алмаз Абибакирович дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Биринчи май РИИБинен билдирди.

Маалымдагандай, 22-сентябрь күнү укук коргоо органдарына анын агасы арыз менен кайрылып, иниси ошол эле күнү болжолдуу саат 21:00 чамасында Профсоюз көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайлардын биринен чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.

Өзгөчө белгилери: 2-топтогу майып, түшүнүктүү сүйлөй албайт.
Кийген кийимдери: кара спорттук шым, сары түстөгү футболка.

Милиция Алмаз Супатаевди көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0(312) 56-60-43, 0(312) 56-32-48, 0(507) 23-12-98 ошондой эле 102 кыска номери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан