Эртең, 26-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6 ... +11, күндүз +14 ... +19;
Талас жергесинде түнкүсүн +4 ... +9, күндүз +14 ... +19;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +15 ... +17, күндүз +24 ... +26,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +8 ... +10, күндүз +16 ... +18;
Нарын дубанында түнкүсүн +7 ... +9, күндүз +16 ... +18;
Бишкекте түнкүсүн +9 ... +11, күндүз +16 ... +18 градус жылуу болот.