Камчыбек Ташиев Ош мамлекеттик университетинин мугалиминин дарылануусуна 500 миң сом берди 

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Ноокат районунун тургуну Алтынбек Маликовдун дарылануусуна 500 миң сом берди. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, буга чейин Камчыбек Ташиевге Ош облусунун Ноокат районунун тургуну, Ош мамлекеттик университетинин мугалими Алтынбек Маликов аттуу жаран каржылык жардам сурап кайрылган.

"Алтынбек Маликов Камчыбек Ташиевге ден соолугун калыбына келтирүү үчүн чет өлкөлүк клиникаларга барууга мажбур болуп жатканын, диагнозу "боор циррозу" деп такталганын жазган. Каражат жетишсиздигинен улам, каржылык жардам көрсөтүүсүн суранган", - деп билдирген Рахманов.

Ошондой эле ал бүгүн, 24-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алтынбек Маликовго 500 миң сом өлчөмүндө каржылык колдоосун тапшырып, ага алдыдагы операцияларын ийгиликтүү өтүшүн каалагандыгын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан