Камчыбек Ташиев буга чейин эки жолу эскерткен Ош-Ноокат жолун тик учак менен көрдү (видео)
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолундагы жол жана көпүрөлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшүн тик учак менен көрүп чыкты.
Жарыяланган видеодо Ташиев тик учактан жолдун курулуш иштерин кылдаттык менен карап жатканы көрүнөт.
Эске салсак, бул жол тилкелери 30-октябрга чейин аякташы керектигин жана элге пайдаланууга берилиши керектигин Камчыбек Ташиев буга чейин 2 ирет эскерткен.