Камчыбек Ташиев кол алдындагы кызматкерлерге катуу эскертүү берди (видео)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев кол алдындагы кызматкерлерге өзүнүн жана жакындарынын маселесин чечем деп кызматын пайдаланса, жоопко тартыларын эскертти. Бул тууралуу ал УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн жаңы имаратын пайдаланууга берүү иш-чарасында айтты.

Атайын кызматтын башчысы атүгүл өзүнүн туугандары да аларга кайсы бир ишин бүтүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылса, аларды укпоону, мыйзам бузса жакындарын да жоопко тартууну буюрду. Ташиев буга мисал катары бир тууган бажасы УКМКнын СИЗОсунда отурганын эске салды.

"Менин бир туугандарым, балдарым, жакындарым менен сүйлөшпөгүлө. Алар менен сүйлөшсөңөр кызматтык иликтөөгө алынып, жоопко тартыласыңар! Жакындарымдын өтүнүчтөрүн аткарууга милдеттүү эмессиңер. Мен эч качан жеке көйгөйүмдү кызматка аралаштырып чечпейм. Бир убакыт келет, мен дагы, силер дагы кызматтан кетебиз. Кызматта турган убагыбызда мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейли", - деди Ташиев.

Эске салсак, Камчыбек Ташиевдин бажасы июль айында УКМК тарабынан ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалган.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан