Бишкек шаарында эл аралык карылар күнүн белгилөөнүн алкагында, Бакыт өргөөсүндө бриллиант, изумруд жана алтын үйлөнүү тоюн белгилеп жаткан жубайлар мааракесин белгилешти. Бул туурасында кечээ, 25-сентябрда мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, Биринчи май районунда жашаган 14 жубай "Мендельсондун" үйлөнүү үлпөт маршынын коштоосунда мааракеде Ардак китебине кол коюшту.
Иш-чаранын алкагында “Шаттык” бий ансамбли жана балдар чыгармачылык борбору майрамдык маанай тартуулап, Эл артисти Бакыт Ыбыкеев өзүнүн репертуарындагы популярдуу ырларын аткарып берди.